Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуКадамжай району 07.04.2019 17:54

Кадамжайда Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата спартакиада өттү (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунда 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата спорттун 4 түрү боюнча спартакиада өттү. Бул тууралуу Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медициналык борборуна караштуу ден соолукту чыңдоо кызматынын адиси Айсаат Исмайилова билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-апрель күнү Кадамжай районунда Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата медицина кызматкерлери арасында спартакиада өттү. Ага жалпысынан 10 команда катышып, алар волейбол, теннис, шахмат жана кол күрөш боюнча күч сынашты. Жеңүүчү аталган командаларга баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле алар облустук спартакиадага жолдомо алышты. Ал эми ал жактан жеңүүчү аталган командалар Ысык-Көл облусунда өтүүчү республикалык мелдешке катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×