Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуКадамжай району 06.04.2019 13:00 На русском

Сүрөт — Кадамжайда дарыяга агып кеткен 8 жаштагы баланын денеси табылды

Turmush -  3-апрелде Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында Исфайрам дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы Ж.Т. аттуу баланын денеси кечээ, 7-апрелде табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал буга чейин бир нече куткаруучулар тарабынан изделип, бирок табылган эмес. Баланын денеси кечээ саат 18:35 чамасында кырсык болгон жерден 40 метр ылдыйда тереңдиги 3-4 метр жерде, эки таштын ортосундагы чуңкурда байкалган. Аны саат 20:02де суудан алып чыгып, сөөгүн ата-энесине өткөрүп беришти.

Буга чейин 3-апрель күнү Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында Исфайрам дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделип жаткан. Аны издөөгө ӨКМнын 52 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×