Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуКадамжай району 05.04.2019 13:40 На русском

Ууру, хакер, баңгизат: Кадамжайда оор кылмыш жасоого шектелген чет элдик 4 адам изделип жатат. Сүрөт

Turmush -  Кадамжай районунда оор кылмыштарды жасап, качып жүрөт деп шектелген өзбекстандык 4 жаран изделип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Изделгендер:

- Шодмонов Равшонжон Улмасходжаевич. 1979-жылы Өзбекстандын Фергана районунун Кургон-Тепа айылында туулган. 2000-жылы каракчылык, тоноочулук жана мал уурулук жасоого шектелүүдө;

- Арзиев Шерзод Алишерович. 1988-жылы Фергана шаарында туулган. 2012-жылы алдамчылык, автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу, каракчылык кылмыштарын жасоого шектелип, изделип жатат;

- Тешебаев Эркин Уктамович. 1966-жылы Фергана районунун Кувасай шаарында туулган. 2006-жылы баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы боюнча издөөдө жүрөт;

- Фазлиддинов Наврузиддин Икромиддинович. 1993-жылы Фергана облусунун Сох районунда туулган. 2018-жылы уюлдук оператор катары иштеген компаниянын тармагын бузуп, компьютер аркылуу акча уурдаган хакер.

Эгерде төмөнкү сүрөттөрдөн кимдир бирөөсүн таанып, билгендер +996 3655 50229, +996 502777702, +996 776040744 номурларына кабарлап койсо болот. Анонимдүүлүк сакталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×