Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуЛейлек району 05.04.2019 10:30

Эртең менен Лейлекте сел жүрүп, малды агызып, жолдорду бузуп салды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 5-апрелде эртең менен саат 7:00 чамасында Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл өкмөт башчысы Алимбек Халмуратов билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен эрте 10 мүнөткө жакын катуу жамгыр жааган. Анын кесепетинен сайлардан сел кетип, Ак-Суу айылы менен Жеңиш айылын бириктирген жолду каптап, унаа каттамы токтоп калган.

Ошондой эле Лейлек районунун Катраң айылында да сел жүрүп, 1 уй, 2 тайды агызып кетти. 650 метр ички жолдорго, арыктарга зыян келтирди.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, Катраң айыл аймагында 4-апрель күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Өзгөрүш айылында сел жүрүп, 700 метр ички чарбалык унаа жолду жана 50 метр ички чарбалык арыкты сел каптады. Сел 1 уй, 2 тайды агызып кетти. Үйлөргө зыян келтирилген эмес. Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМдин Лейлек райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн ыкчам тобу, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, жеке менчик 1 экскаватор тартылды.

Кечээ, 4-апрелде саат 19:00 чамасында Лейлек районундагы Көк-Таш айылында дагы мөндүр жаады.

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы Орозбек Пазылов мөндүр дыйканчылык талааларга зыян келтирбегендигин билдирди.

«4-апрель күнү нөшөрлөп жааган жаан мөндүргө айланды. Мөндүр дыйканчылык талааларга, мөмөлү бак-дарактарга, жергиликтүү калкка эч кандай материалдык зыян келтирген жок. Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 4-апрелден 7-апрелге чейин Баткен облусунун аймагында туруксуз аба ырайы тууралуу элге эскертүү берилген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×