Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуКадамжай району 05.04.2019 10:05

Кадамжайда милиционерлер айылдарды кыдырып, кылмыштардан алыс болууну эскертүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай РИИБдин кызматкерлери Бирлик айыл өкмөтүнүн Сур, Ормош айылдарынын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Милициянын маалыматына караганда, алар ар бир үйгө барып, кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Милиционерлер жалпысынан 500 кожолукка жолугушту. Ушундай иш-чара район аймагындагы ар бир айылдарда жүргүзүлөт.

Бирлик айыл өкмөтү жалпысынан 11 айылды камтып, калктын саны 13 миңге жетет. 1 толук эмес мектеп жана 4 орто мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×