Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуЛейлек району 04.04.2019 16:56 На русском

Лейлекте айылдашын бычактап салган адам кармалып, камакка алынды

Turmush -  1-апрелде Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Жаштык айылында өз айылдашын өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-апрель күнү Жаштык айылындагы көчөдөн ошол эле айылдын 30 жаштагы тургуну Т.Ы.нын жансыз денеси табылган. Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип ошол эле айылдын 34 жаштагы тургуну С.А. кармалды. Ал каза болгон адам менен пикир келишпестиктерден улам уруша кетип, денесине бир нече жолу бычак менен сайып, окуя болгон жерден кетип калгандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка-2 айылында 2018-жылдын ноябрь айында 50 жаштагы аял өзүнүн жолдошун балталап өлтүргөн. Кийин ал 8 жылга камалган.

Ошол эле Арка-2 айылында былтыр 5-ноябрда жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутатын атып кетишкен. Ал өзүнө келбей жатып, 17-ноябрда каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×