Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусуКадамжай району 04.04.2019 12:09 На русском

Чек арадагы Кобра менен Пылдырактагы окуя: Шектүүлөр кармалды. Сүрөт

Turmush -  2-апрелде саат 18:45 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Пылдырак айылында аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Марказ» чек ара заставасынын чек арачылары тарабынан аткезчилик жол менен Кыргызстандан Өзбекстанга жүк алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Анын «Портер» үлгүсүндөгү унаасынан 60 коробка (ар биринде 24 даанадан) шире суусундуктар табылды. Кармалган адам Өзбекстанда төрөлүп, бирок учурда Кыргызстандын жарандыгын алып, Марказ айылынын жашоочусу экендиги такталды.

Ошондой эле кечээ, 3-апрель күнү саат 17:35 чамасында Марказ айылынын Кобра деген жеринде аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан 100 миң сомдук жүк кармалды. Аталган айылдын 1990-жылы туулган Ж.Ч. аттуу тургуну өзүнүн «Портер» унаасы менен Кыргызстандан Өзбекстанга «Авангард» үлгүсүндөгү 8 даана муздаткычты алып өтүүгө аракет жасаган.

Кармалган жүктөр Кызыл-Кыя шаардык бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×