Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Сүлүктү 03.04.2019 13:19

Сүлүктүдөгү мугалимдер арасында спартакиада өттү (сүрөт)

Turmush -  25-27-мартта Сүлүктү шаарында шаардык билим берүү кызматкерлеринин арасында спартакиада өттү.

Маалым болгондой, анда командалар волейбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол боюнча күч сынашты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен, шаардык дене тарбия жана спорт секторунан 5000 сом жана билим берүү бөлүмүнөн 10 000 сом акча бөлүнгөн. Кесиптик бирликтин шаардык комитети тарабынан кызыктыруучу сыйлыктарга жыл сайын 20-30 миң сом бөлүнөт.

Волейбол боюнча агайлар арасындагы жыйынтык:

- 1-орун — И.Раззаков атындагы орто мектеби (өтмө кубок I даражадагы диплом);

- 2-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектеби (II даражадагы диплом);

- 3-орун — В.И.Ленин атындагы орто мектеби (III даражадагы диплом);

- 4-орун — И.Бектемиров атындагы орто мектеби (диплом).

Мугалим эжелер арасында жыйынтык:

- 1-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектеби (өтмө кубок, I даражадагы диплом);

- 2-орун — Н.Кушматов атындагы орто мектеби (II даражадагы диплом);

- 3-орун — шаардык билим берүү бөлүмү (III даражадагы диплом);

- 4-орун — И.Раззаков аатындагы орто мектеби (диплом).

Тогуз коргол:

- 1-орун — В.И.Ленин атындагы орто мектеби (өтмө кубок I даражадагы диплом);

- 2-орун — Н.Кушматов атындагы мектеп гимназиясы (II даражадагы диплом);

- 3-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектеби (III даражадагы диплом);

- 4-орун — Токтогул атындагы мектеп (диплом).

Шахмат:

- 1-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектеби (өтмө кубок, I даражадагы диплом);

- 2-орун — М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектеби (II даражадагы диплом);

- 3-орун — шаардык билим берүү бөлүмү (III даражадагы диплом);

- 4-орун — Т.Рустамов атындагы орто мектеби (диплом).

Стол тенниси:

- 1-орун — шаардык билим берүү бөлүмү (өтмө кубок I даражадагы диплом);

- 2-орун — М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектеби (II даражадагы диплом);

- 3-орун — В.И.Ленин атындагы орто мектеби (III даражадагы диплом);

- 4-орун — Р.Жолбаев атындагы орто мектеби (диплом).

Спартакиадага активдүү катышкан жана мыкты оюн көрсөткөн 5 мугалим грамоталар менен сыйланышты. Жалпы командалык эсеп боюнча Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектеп 1-орунду ээледи. Алар спартакиаданын жеңүүчүсү аталып, өтмө кубокко ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×