Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуЛейлек району 03.04.2019 11:52 На русском

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилкеде тажик тарап курулуш иштерин жүргүзө баштады. Видео

Turmush -  Кечээ, 2-апрелде түшкө маал Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылында кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге курулуш куруп жаткан тажик тараптын иши токтотулду.

Элеттиктердин айтымында, курулуш иштери жүрүп жатканын кыргыз чек арачылары байкап калган. Бул боюнча «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы тажик чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Село Максат Лейлекского района

Өздүк булактардын алдын ала маалыматтарына караганда, Баткен облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси Замир Мийзаев, Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов телефон аркылуу Тажикстандын Согди облусунун тиешелүү жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында такталбаган аймакта тажик тараптын жарандары тарабынан курулуп жаткан курулуш токтотулган. Учурда аймакта абал туруктуу. Жергиликтүү элге чек арачылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле 1-апрелде Баткендин Көк-Таш айылындагы «Ак-Суу» деп дарыянын аты жазылган тактайчаны тажик тараптан жулуп ыргытышкан. Бул боюнча Баткен чек ара отрядынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлчүлүгү менен жолугушуп, жыйынтыгында тажик тарап тактайчаны кайра ордуна коюшкан болчу.

Буга чейин быйылкы жылдын 13-14-март күндөрү Баткен районунун Ак-Сай айылында Кыргызстандын аймагына курулуп жаткан Ак-Сай—Тамдык жолунун курулушу боюнча тажик тарап каршы болуп, чыр чыккан эле. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абал тынчыган болчу.

Максат айылынын таржымалы:

Максат айылы мындан 20 жыл мурун түптөлгөн. Айыл түштүгүнөн Тажикстандын Овчикалача айылы менен чектешет. Эки айылдын ортосун чоң жол гана бөлүп турат. Айыл чек арада жайгашкандыктан кооптуу аймактардын бири катары эсептелет. 2014-жылдын август айында Максат айылында жайгашкан «Достук» көпүрөсүн куруу учурунда эки тараптуу атышуу болуп, кан төгүлгөн. Ошондон улам аталган аймакта чек араны бекемдөө зарылчылыгы курч бойдон турат.

Максат айылы 1993-1994-жылдары мурунку президент Аскар Акаевдин демилгеси менен түптөлгөн. Ал кезде ӨКМ тарабынан 60 үй курулуп, ага Лейлек районундагы кырсыктан жабыркаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көчүрүлгөн. Ошондон тарта айылды түптөө иштери жанданган.

Айыл тургундарынын айтымында, Тажикстан менен болгон чек араны бекемдөө максатында айыл Максат деп аталып калган. Максат айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында мектеп, ФАП, бала бакча жана башка мамлекеттик мекемелердин имараттары курулуп, пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×