Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуБаткен району 03.04.2019 10:18

Баткенде 30 миң сомдук буканы уурдоого шектелген жигит кармалды

Turmush -  Баткен районунда мал уурдоого шектелген 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай айылынын 40 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2-марттан 3-мартка караган түнү үйүндөгү мал сарайынан баасы 30 миң сомдук букасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Аталган фактыны иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Баткен районунун 22 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Уурдалган мал өз ээсине кайтарылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×