Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 02.04.2019 17:30 На русском

Кадамжайда бир мектепте окуган 2 айылдын балдары бычакташып, бир нечеси ооруканага түштү

Turmush -  21-мартта Кадамжай районундагы айылдардын биринде бир мектепте окуган 2 айылдын балдары бычакташты. Бул тууралуу маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, окуя саат 23:30 чамасында болгон. Анда айылдагы мектептин окуучулары — Сур айылынын 16 жаштагы тургуну Б.А., 17 жаштагы тургуну А.М., Кыргыз-Кыштак айылынын 17 жаштагы тургуну А.М., Бирлик айылынын 17 жаштагы тургуну Т.Б. бир топ балдар менен коомдук тартипти бузуп, колдоруна бычак алып мушташкан. Анын кесепетинен 16 жаштагы Б.А., 17 жаштагы А.М., 17 жаштагы А.М. денелеринен жаракат алып, Айдаркен аймактык ооруканасына түшкөн. Азыркы учурда алардын абалы канааттандырарлык.

Жогорудагы бейбаштык боюнча эки тараптуу арыздар Кадамжай РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми бул окуя боюнча бүгүн, 2-апрель күнү аталган мектепте жыйын болуп өттү. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, ройондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүүлөр катышты. Анда мектептин 11-10-классынын окуучулары менен аталган мектепти бүтүп кеткен балдардын арасында чыр чыгып, андан улам бычакташканга чейин баргандыгы талкууланды. Аталган чыр бул мектепте окуган 2 айылдын балдарынын арасындагы 2-3 жылдан бери кайталанып жаткан тирешүүдөн келип чыгышы да мүмкүн экендиги айтылды.

А.Шамурзаев атындагы орто мектебинде 650гө жакын бала билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×