Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуБаткен району 02.04.2019 15:11

Баткендин Газ айылында салтка айланган ыр кесе майрамы уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  31-мартта Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылында жыл сайын өтүүчү ыр кесе майрамы уюштурулду.

Маалым болгондой, анда Газ айылынын тургундары «Жыпар гүлү» жана «Кыргыз көчү» деген 2 командага бөлүнүп мелдешти. Иш-чарага Кыштут айыл өкмөтүнүн бардык айылдарынан коноктор келип күбө болуп, 500гө жакын эл топтолду. Концерттик программанын алкагында командалар ыр-бийлерди аткарып, акыйнек айтышып, улуттук тамактарды жасашты. Майрамдык иш-чара окуучулардын жана бала бакчанын тарбиялануучуларынын концерттик программасы менен коштолду. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орунду «Жыпар гүлү» командасы, 2-орунду «Кыргыз көчү» командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.

Аталган майрам кийинки жылы Сай айылында өтмөк болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×