Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 30.03.2019 13:12 На русском

Кадамжайда аткезчилик жол менен жүк ташып жүргөн чет элдиктер кармалды. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 29-март күнү Кадамжай районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы зым торлорду бузуп өтүп, мыйзамсыз жүк ташып, контрабандалык иштер менен алектенип жүргөн өзбекстандык 4 адам кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти. Аларды кармаганда 12 даана кондиционер жабдыгы жана 1 кап момпосуй алынды.

Бул факт Кадамжай РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тиешелүү материалдар УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Кармалгандар камакка алынып, кылмыш иш козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×