Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуЛейлек району 29.03.2019 16:56

Кыргызстандын эң алыскы айылындагы миллионер: Ф.Болотбеков айылда иштеп, миллиондорду табуунун сырын билет. Сүрөт

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылындагы фермер Фахридин Болотбеков 1 миңге жакын гиссар кой багууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, мал чарбачылык менен 2012-жылдан бери алектенет.

«Башында Тажикстандан 30-40 гиссар кой алып келгем. Ошол убакта ар бирин 40-50 миң сомдон алгам. Ошолорду көбөйтүп отуруп, азыр миңге чукулдап калды. Гиссар койлор көп эт берет. Анан баасы да кымбат турат.

Малдын саны көп, анан сапаты жакшы болсо чыгымды актайт. Аз малды карасаң кирешеси өзүнөн артпай калат. Мисалы, мен жылына 400 баш төл алам. Козулары 7000 сомдон да сатылат. Орто эсеп 5000 сомдон дейли. Анын 100 төлү эле чыгашаны актайт. Калганы 1 жылдык киреше болот. Ошондо миллион сомдон ашуун таза киреше түшөт», - деди ал.

Каарманыбыз койдон тышкары асыл тукум жылкыларды көбөйтүп жатат.

«2 жылдан бери жылкы карай баштадык. Анын жемин жакшы берип, суусун убагында берсең тапталат. Англиялык породадагы жылкы алдык. Негизи 20 жылкы бар. Тоого да айдайбыз. Үй шартында да карайбыз. Балдарыма бөлүп берем, карашат. Жылкынын кирешеси жакшы. Мисалы 1-2 жыл карасаң эле баасы да кымбаттайт. Азыр көк бөрүгө түшүп жүргөн атымды кардарлар 1 млн сомго чейин сурап келишет. Бирок саткан жокмун», - деди фермер.

Кулунду айылынын таржымалы:

Кулунду айылынын аталышы кулдардын салгылашы менен байланыштырылат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, байыркы кулчулук заманда байлардын оор жумушуна чыдабаган бир нече кул качып чыгып, ысыктан улам ушул чөлкөмгө келгенде суу таппай, чаңкоодон каза болушат. Ошондон улам аймак кул өлдү деп аталып, бара-бара Кулунду деген аталышка ооп кеткен.

Экинчи уламышка караганда, кул кармагандар азыркы Кулундунун аймагына кулдарын алып келип, ортого байге коюп, бири-бири менен салгылаштырып турушкан. Салгылаштарда кулдардын өмүрү кыйылган үчүн бул жер кул өлдү деп атала баштаган. Бара-бара бул сөз кул өлдү эмес, Кулунду деп өзгөрүп кеткен.

Кулунду айылынын түптөлүшү 1950-жылдарга барып такалат. Ушул мезгилдерде Козу-Баглан дарыясынан суу тартуу үчүн канал казуу иштери башталып, 1953-жылдын 30-апрелинде Кулунду каналы пайдаланууга берилген. 2013-жылы аталган каналдын 60 жылдык мааракеси болуп, мамлекет башчылары катышып кеткен.

Элеттин калкынын саны 10 миңге жакын. Түндүгүнөн Тажикстан менен чектешип, чек ара аймагында жайгашкан айылдардын катарына кирет. Анда 3 орто мектеп, медресе, оорукана, маданият үйү жана Кулунду айыл өкмөтүнүн имараты бар. Жайы ысык, кышы суук. Айылдыктардын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен айрым дыйкандар жылына 3 жолу түшүм алышат. Дан өсүмдүктөрү, дарбыз, коон, өрүк, кокон гилас, пахта жана башка мөмө-жемиштер бышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×