Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 29.03.2019 13:56

Кызыл-Кыяда 15 жаштагы кызды көчөдөн коркутуп, телефонун тоноп алган адам кармалды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 15 жаштагы кызды тоноого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-мартта Кызыл-Кыя шаарынын Солнышко жана Жусубалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз адам 15 жаштагы кызды коркутуп, колундагы «Самсунг-J5» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, качып кеткен. Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Разбойник» операциясынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы тургуну Х.А. кармалды. Азыркы учурда бул кылмыш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×