Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 28.03.2019 09:51

Кадамжайлык К.Токторалиев ММА боюнча өлкө чемпиону болду (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Кара-Жантак айылынын 26 жаштагы тургуну Кубаныч Токторалиев сүйүүчүлөр арасында ММА боюнча 77 кг салмакта Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу анын туугандары аймактык кабарчыга билдиришти.

22-23-мартта Бишкекте спорт сүйүүчүлөр арасында ММА боюнча Кыргызстандын биринчилиги өткөн. Мелдешке аймактардан 100дөн ашык спортчулар катышкан.

Кубаныч Токторалиев 8-класстан баштап спорттун кикбокс түрү менен машыгат. Ал 2012-жылдан бери «Айкөл Манас» спорт клубунда машыгып келет. 2015-жылы спорттун кармаш уруш түрү боюнча Дүйнө чемпионатында 2-орунду алган. Уруш өнөрүнүн жиу-житсу түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Андан тышкары ушул жылдын февраль айында өткөн самбо боюнча эл аралык турнирде баш байгени жеңип алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×