Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 22.03.2019 12:26 На русском

Кадамжайдагы Нооруз майрамына Өзбекстандын 2 акими келди (сүрөт, видео)

Turmush -  Кадамжай районунда Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатка коңшу Өзбекстан өлкөсүнүн Фергана жана Сох райондорунун акимдери катышты. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-мартта Кадамжай районунда Нооруз майрамы белгиленип, ага 3 миңден ашуун жергиликтүү тургундар катышкан. Алар менен бирге Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, Өзбекстандын Фергана районунун акими Илхом Носиров, Сох районунун акими Фарух Усаров дагы катышып, элди куттукташты.

Майрамдык иш-чарада сүмөлөк кайнатылып, улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү. Андан тышкары тамак-аш көргөзмөсү болуп, концерттик программа тартууланды. Мелдештердин жана сынактардын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×