Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 21.03.2019 09:13

Баткенде Ноорузга карата чет өлкөлүктөр да катышкан көк бөрү өтүп, байгесине унаа коюлду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 20-мартта Нооруз майрамына жана Баткен шаарынын 120 жылдыгына карата көк бөрү мелдеши өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баткен шаардык мэриясы, шаардык жаштар иштери жана спорт комитетинин маалыматына караганда, мелдешке Тажикстандан жана Ош, Баткен облусунун аймагынан жалпы 300дөй улакчы катышты. Мелдешке мэриядан 120 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 100 миң сом акча каралган.

Жыйынтыгында 1-орунду Айдаркенден келген команда ээлеп, «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны алып кетти. Ал эми Ноокаттан келген улакчылар 2-орунду ээлеп, «Мазда» үлгүсүндөгү унаага ээ болушту. Таймашта байгеге унаалардан сырткары 6 тай жана башка мал-жандыктар жана баалуу белектер коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×