Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Баткен 20.03.2019 18:01 Жаңыланды: 14.04.2019 18:40

Жеңеке: Баткендеги Нуржамал жеңе жолдошу менен катар чек арачы болуп иштеп, мекен тынчтыгын коргоп келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарындагы Тагаева Нуржамал айым бир нече жылдан бери чек арачы болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы чек арачы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда жолдошу экөө Төрт-Гүл чек отрядында иштешет.

«Жолдошум менен баш кошкондон бери ушул кызматта иштеп келем. 2006-жылы баш кошсок, 2010-жылы кызматка чакырылгам. Ошол убактан бери чек ара кызматын аркалап келем. Чек арада иштеп калышыма жолдошум себепчи. Өзүм кесибим экономист болгондугуна карабай, жолдошума турмушка чыккандан кийин бул кызматта иштей баштадым. Анткени жолдошум да чек арачы. Ар күнү таң эрте жолдошум экөөбүз чогуу жумушка жөнөйбүз. Үйдөн аскер кийимин кийгенде эле чоң жоопкерчиликти моюнга алгандай болобуз. Анан жөнөгөндө эле баштан аяк бир карап текшерип алабыз. Анткени кийген кийимибиз чек арачыга эч кандай шек келтирбеши керек. Кызматта да өзүбүзгө тактык менен чыгып, өз милдетибизди так аткарганга аракеттенебиз. Күн сайын аскердик машыгуу бизге адатка айланган. Биздин жумуш аял-эркек дебей катуу тартипти талап кылгандыктан күн-түн дебей талаалап жүрүп, мекенге кызмат кылып келем. Жумушка байланыштуу үй жумуштарын жолдошум аткарып калган учурлар бар», - деди ал.

Жубайлар чек арачылык милдетти аркалап жүрүшүп, аш-тойлорго да көп бара алышпайт.

«Жолдошум экөөбүздүн жумушубуз катуу тартипте болгондуктан көп учурларда туугандардын той-аштарына барбай калабыз. Алгач буга көнө албай, кыйынчылыктар көп болду. Бирок ошентсе да мекенге болгон ыйык кызматыбыз менен турмушубузду бирдей жакшы нукта алып баруудабыз. Азыр курбулар менен жолугуу, конокторго баруу сыяктуу адаттардан арылдым десем болот. Азыр төркүнүмө да анда-санда барам. Жылдап барбай жүрө берем», - деди Нуржамал айым.

Чек арачы жеңе 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×