Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Исфана 20.03.2019 15:57 На русском

11-класстагы Динара Гапарова Лейлектеги эң сулуу кыз деп табылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 19-мартта Лейлек районунун Исфана шаарында мектеп окуучуларынын арасында «Жаз периси 2019» сулуулук сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Нооруз майрамына карата уюштурулган сынакка Лейлек районунун 9 айыл өкмөтүндөгү мектептердин окуучулары катышты. Алар сынакта өздөрүн тааныштыруу, улуттук тамак-аштарды жасоо, бийлөө, Лейлектин өнүгүшүнө салым кошкон аялдардын образдарын чагылдыруу сыяктуу бир катар тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду Жаңы-Жер айыл өкмөтүнөн чыккан 11-класстын окуучусу Динара Гапарова, 2-орунду Катраң айыл өкмөтүнөн келген Тыныбек кызы Тахмина, 3-орунду Кулунду айыл өкмөтүнөн келген Каримберди кызы Динара ээледи.

Жеңүүчүлөргө балуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×