Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Айдаркен 20.03.2019 12:40

Айдаркен шаарынын ички жолдору оңдоо иштерине муктаж (сүрөт)

Turmush -  Айдаркен шаарынын ички жолдору оңдоо иштерине муктаж. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Сырт айылынын тургуну Имаммолло Ысмановдун айтымында, ал жумасына жок эле дегенде 3 жолу Айдаркен шаарына каттап турат. Анткени күнүмдүк тиричилиги шаар менен тыгыз байланышта. Бирок шаардын жолдорунун абалы өкүндүрөт.

Шаардын вице-мэри Азамат Саитовдун айтымында, Айдаркен шаарында жалпысынан 50дөн ашуун ички жол бар. Жыл сайын майда барат оңдоп-түздөө иштери жүрүп турат. Бирок толук түрдө асфальттоо иштерине азырынча шаардык мэриянын чамасы жетпейт. Шаардык кеңеш жолду оңдоо үчүн быйыл 90 миң сомдун тегерегинде акча бөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×