Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баткен облусу, Кадамжай 19.03.2019 18:05

Кадамжай шаарында 4 миң түп гүл отургузулат (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай шаарын көрктөндүрүү иштеринин алкагында 2 миң түп гүл тигилди. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын вице-мэри Чыңгыз Тагаев билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ бул гүлдөр Ош шаарынан алынып келген. Гүлдүн өзгөчөлүгү гүлдөгөндөн кийин көпкө гүлүн төкпөй сактап, шаарга көрк берип турганында. Гүлдү отургузуу иштери мындан ары да уланат. Тактап айтканда шаар аймагына жалпы 4 миң түп гүл отургузулат. Ал эми шаардын аймагындагы мамлекеттик мекеме-ишканалар айланасын өздөрү көрктөндүрөт.

Былтыр шаардын аймагына Өзбекстандан 4 миң түп гүл алынып келип отургузулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×