Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 19.03.2019 17:37

Кадамжай районунда кургак учук оорусуна каршы акция өттү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 19-мартта Кадамжай районунда кургак учук оорусуна каршы акция өттү. Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Айсаат Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөн иш-чарага окуучулар, бийлик өкүлдөрү, дарыгерлер болуп 300дөн ашуун адам катышты. Акция жөө жүрүү менен башталып, кургак учукка байланышкан суроо-жооптор менен коштолду. Ал эми суроолорго туура жооп бергендерге атайын белектер ыйгарылды. Андан сырткары кургак учуктун туруктуу формасы менен ооругандар менен иштеген медайымдарга акчалай сыйлыктар берилди.

Учурда район аймагында 128 адам кургак учук оорусу менен ооруйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×