Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуКадамжай району 18.03.2019 18:24

Кадамжайда «Америкалык ырлар-2019» сынагы өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунда окуучулар арасында «Америкалык ырлар-2019» сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн аймактык кабарчыга билдиришти.

Кечээ, 17-март күнү Кадамжай районунун Кадамжай шаарындагы маданият үйүндө «Америкалык ырлар-2019» сынагынын жарым финалы өттү. Ага Кадамжай районунун аймагындагы 18 мектептен 36 окуучу катышты. Алар АКШнын ырчыларынын жана композиторлорунун ырларын аткарып беришкен.

Финалдык турга калыстардын чечими менен 10 окуучу тандалды. Финалдык тур жакынкы күндөрү өтөт. Анда жеңүүчү аталган окуучуларга белектер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Сынактын максаты — окуучулардын маданиятын өнүктүрүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×