Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуБаткен району 18.03.2019 12:56 На русском

Баткенде прокурордун орун басары пара алып жатканда кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Баткен районунун прокурорунун орун басары пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү Т.Т. мамлекеттик бийликтин органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюуга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө колго түшкөн. Ушул жылдын 13-январында Баткен РИИБде өрттөнгөн турак үй боюнча факты катталган. Ал үйдү Өзбекстандын жарандары У.Н. менен А.Ф. ижарага алып, пайдаланып жүрүшкөн. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында өрткө электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгону аныкталган.

2-февраль күнү аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш Жазык-процесстик кодексиндеги 26-берененин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун (жосундарда кылмыштын курамы жана же жоруктун курамы болбогондо) негизинде токтотулуп, 27-февралда кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн териштирүү үчүн Баткен райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Бул материалды кароо райондун прокурорунун орун басары Т.Т. тапшырылган.

«Материалдык байлыкты көздөгөн Т.Т. 2019-жылдын 2-мартында Өзбекстандын У.Н. аттуу жаранын жолугушууга чакырган. Аны эмгектенүүгө уруксат берүүчү документтери жок деген шылтоо менен депортация кыла турганын айтып коркутуп, бул маселесин чечип берүү үчүн 30 миң сом талап кылган.

У.Н. жазган арыздын негизинде 14-мартта Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Жазык кодексиндеги 326-берененин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иш козгоп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми тергөө иши УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына берилген», - деп айтылат билдирүүдө.

16-март күнү Башкы прокуратуранын өкүлдөрү тарабынан өзүнүн иш бөлмөсүндө 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Баткен районунун прокурорунун орун басары Т.Т. кармалды. Ал УКМКнын абагына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×