Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 17.03.2019 14:34

Кыргызстандык өспүрүм спортчулар Тажикстандан 21 медаль алып келишти

Turmush -  Кыргызстандын жаш спортчулары Тажикстанда өткөн спорттук мелдеште жеңиш менен кайтышты. Спорттун ушу-саньда түрү боюнча Борбор Азиянын биринчилиги 13-14-15-март күндөрү Худжанд шаарында өткөн, деп билдирди кабарчы. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы биринчиликти жеңип алышты.

Өспүрүмдөр 8 алтын, 8 күмүш жана 5 коло медаль менен келишти. Мелдешке Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өспүрүм спортчулары катышкан. Ал эми Кыргызстандан барган команданын курамында өлкөнүн бардык облустарынан спортчулар бар.

Жаш спортчуларды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев баштаган жетекчилер тосуп алып куттуктап, эки элдин жаштарынын достугун чыңдоого салым кошкон жаштарга белектерди ыйгарышты. Мелдеш үч өлкөнүн жаштарынын достугун, ынтымагын бекемдөөгө жана аларды сергек жашоого үндөөгө багытталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×