Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуБаткен району 15.03.2019 10:14 На русском

Ички иштер министри түнү менен Баткенге барды (сүрөт)

Turmush -  Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кечээ, 14-мартта түнү Баткен районунун Ак-Сай айылына барып, бүгүн шаардык, райондук ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамы менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде министр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулап, коомдук коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берип, ошондой эле башка күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен чек арадагы райондордун калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

К.Жунушалиев мындан ары ушундай кырдаалдарга жол бербөө, абалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, объективдүү тактоо иштери жана Баткен облусунун чек арадагы аймактарынын жашоочуларына жардам көрсөтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле облустун чек арадагы жашоочуларына абалды турукташтыруу үчүн тажик тарап менен бирге көрүлүп жаткан чаралар тууралуу активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектинин айтты.

Баткен облусунун аймагында укук оргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Ошондой эле чек арадагы бардык аймактар катуу көзөмөлгө алынган.
Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×