Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуБаткен району 14.03.2019 21:03

Ак-Сайда 2 адам жаракат алды: Жамбашка жана колго ок жеген милиционер менен тургундун учурдагы абалы. Видео

Turmush -  Бүгүн, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында ок атылып, кыргыз тараптан 2 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жаракат алгандардын бири Акылбек үйүнөн чыгып, тополоң болгон жерге барган учурда сол колуна ок тийген. Ал айылдык ФАПтан биринчи медициналык жардам алып, андан кийин Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө кайрылган. Ал жерден дарыгерлер керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатат.

«Атым Акылбек. Ак-Сайдан болобуз.Чек арага жакын жашайбыз.Тополоң болгондо чуркап чыктым. Ошол маалда мылтыктын үнү чыгып, ок колума тийди. Дароо №1 ФАПка телефон чалдык», - деди ал.

Ошондой эле 1994-жылы туулган У.Ж. аттуу милиция кызматкеринин жамбашына ок тийген.

Милиция кызматкери тез жардам унаасы менен Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, операция жасалган. Учурда У. жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлердин айтымында, наркоз тарай элек.

Ал вице-премьер-министр Жеңиш Разаков күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп жатканда жаракат алган.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да аткан болчу.

Курулуп жаткан жол

Андан кийин саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар болгон.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ага операция жасалып, абалы оор экендиги белгилүү болгон.

14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, саат 10:00го карата Таш-Тумшук айылында 1 үй, «Ауди» үлгүсүндөгү 1 унаа, жана кыргызстандык жарандын «КамАЗ» унаасынын чиркегичи күйгөндүгү такталды. Төрт-Көчө аймагында жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүчү унааны кое бербей койгон.

Кечээ, 13-марттагы чатакта тажикстандык жарандар Баткен районунун Орто-Боз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салышкан. Чек арадагы абалга байланыштуу чек арачылар күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздук сактап жатышат. Баткенде азыр Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары К.Исаков жүрөт. Бүгүн эртең менен Баткенге тажик тарап менен сүйлөшүү үчүн чек ара кызматынын полковниги Уларбек Шаршеев учуп кетти.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, облус жетекчилери, укук коргоо органдары Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара—Ворух (Тажикстан) унаа жолун ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Ал эми Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өздөрүнүн версиясын жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×