Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусуБаткен району 14.03.2019 10:07 На русскомКыргызчаEnglish

Баткенде тажик тарап менен ок атышууда жарадар болгон адамдын абалы оор бойдон калууда. Видео

Turmush -  Кечээ, 13-мартта Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуудан жаракат алган жергиликтүү тургундун операциядан кийинки абалы оор. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Рустам Хусеинов билдирди.

«Бизге (хирургия бөлүмүнө) октон жаракат алып, 1988-жылы туулган М.Ж. түшкөн. Операция болуп, жандандыруу бөлүмүнө которулду. Азыркы акыбалы оор, бирок туруктуу. Бардык дары-дармектер, медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Буйруса жакшы болуп кетет деп ойлойм», - деди ал.

Хирургиядагы дарыгерлердин айтымында, операция түнкү саат 23:00 чамасында башталып, саат 4:30 чамасында аяктаган.

Окуя тууралуу:

13-мартта саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар болгон.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ок анын сол жак кабыргасына тийгендиги кабарланган.

Жаракат алган адамды ооруканага жеткирген учур

Милиция кызматкерлери, чек арачылар абалды көзөмөлдөөгө аракет кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (858)
«РСК Банк»
28.5% (543)
«Айыл Банк»
8.92% (170)
...
Всего голосов: 1905
×