Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Баткен 14.03.2019 09:31

Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жаштары «Келечекти терроризмсиз курабыз» фестивалын өткөрүштү

Turmush -  11-12-март күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарында, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жаштарынын башын бириктирген «Келечекти терроризмсиз курабыз» фестивалы өттү.

Маалым болгондой, бул иш-чарага Кыргызстандан Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун жаштары катышты. Баткен облусунан 30 адамдан турган делегацияны КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жетектеп барды. Чынара Саттарова Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздугу, тынчтыгы, элинин бейпил турмушу, жаштардын жаркын келечегине багытталган бул фестиваль кошуна мамлекеттердин жаштарынын ынтымагын жана достугун бекемдөөгө зор салымын кошорун белгиледи. Маданият кызматкерлери кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалап, комузда кол ойнотуп, «Манас» айтса, спортчулар, футбол жана волейболдо оюн көрсөтүштү. Ал эми кол өнөрчүлөр өз эмгектерин көргөзмөгө коюшту.

Фестивалдын жүрүшүндө Фергана шаарынын борбордук стадионунда чоң концерт өтүп, ага 3 өлкөнүн эстрада жылдыздары катышып, 20 миңден ашуун көрүүчү чогулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×