Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусуЛейлек району 13.03.2019 18:20

Лейлектин Кулунду айыл аймагында «Үмүт шооласы» борбору ачылды

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, балдарга социалдык, абилитациялык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүчү «Үмүт шооласы» борбору ачылды.

Маалым болгондой, борбордун ачылуу аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер катышты. Мекеме Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана «Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү борбору» коомдук фондунун «Келечекке жол» долбоору аркылуу түзүлдү.

Лейлек районунда жалпысынан бала кезинен майып 18 жашка чейинки 721 адам бар. Кулунду айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 237 бала жашайт. Бүгүнкү күндө район аймагында балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү реабилитациялык 2 борбор иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (858)
«РСК Банк»
28.5% (543)
«Айыл Банк»
8.92% (170)
...
Всего голосов: 1905
×