Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Баткен 13.03.2019 17:40

Баткендеги ишкерлер болуп жаткан көйгөйлөрдү айтып чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Баткен шаарында кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, ага өкмөттүн бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин, облус жетекчилигинин өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

«Эң оболу бир ишкана ачсаң лицензия алуу үчүн Ошко же Бишкекке барасың. Мисалы мен мал союла турган цех ачам деп ага лицензияны Оштон алып келдим. Облус түптөлгөнүнө 18 жыл болду. Облуста лицензия берүүчү мекеме жок экен. Ачып койсо ишкерлерге ыңгайлуу болмок», - деди жеке ишкер Ырысмамат Турдубаев.

Ишкер Айжигит Жумабаев аз насыялардын пайыздары боюнча маселени көтөрдү.

«6-7% үстөк менен насыя берилет дейт. Чынында талаптары ашыкча. Маселен быйыл банктар аркылуу үстөк пайыз менен сүт багытындагы уйларды берип жатат. Мен уй алып иш баштайын десем бир уй алуу үчүн 1,5 га сугат жериң болушу керек экен. Баткен шаарынан аны ижарага да таппайсың», - деди ал.

Башка ишкер Султанали Малабаев тендердеги талаптар да ашыкча экендигин кошумчалады.

«Тендерге 2 күн убакыт берет. Анан толтура тактама, декларация, уставдарды көрсөткөн. Толтургуча эле убакыт өтүп кетет. Ошентип тендерге катышпай кала беребиз. Мисалы соттолбогон деген тактама кагаз 10 күндө келет. А тендердин мөөнөтү 2 күн», - деди ишкер.

Облуста таза суу, сугат суунун жетишсиздиги, канализация, газдын жоктугу ишкердик кылууга тоскоолдук жаратат. Ага кошо көпчүлүк аймак жайыт макамы менен калгандыгы дыйканчылыкка ыңгайсыз шарт жаратып келет. Бул маселелер тиешелүү органдарга жеткирилет.

«Чынында ишкерлер арасында маселелер бар. Биз азыр карап чыктык. Негизи ар бир ишкер өз көйгөйүн айтып жатышат. Кооператив же ассоциация болсо так көйгөйлөр айтылып, ошого жараша протокол менен каралмак. Азыр 1-2 маселе так айтылды. Биз аны өкмөттүн бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңешинде карап чыгабыз», - деди аталган кеңештин регионалдык координатору Бакытбек Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×