Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Баткен 13.03.2019 16:01

Баткен шаарынын Булак-Башы конушунда таза суу маселеси чечилбей келет

Turmush -  Баткен шаарынын Булак-Башы конушунда таза суу маселеси чечилбей келет. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, конушта 12 суу түтүкчөсү бар. Бирок айрымдарынан гана суу чыгат. Суу убакыты менен чыгып, анда да чыккан суунун таза эместигинен кооптонушат.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов бул маселе боюнча кабардар экендигин билдирди. Таза суу маселеси алдыддагы жылдарда толугу менен чечилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×