Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Баткен 12.03.2019 17:53

Баткенде балдарды калыптандыруу борборунун жаңы имаратын салуу үчүн марафон өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 12-мартта Баткен шаарындагы «Нур» балдарды калыптандыруу борборунун жаңы имаратын салууга каражат топтоо үчүн атайын марафон уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарага кайрымдуулук кылууну каалаган адамдар, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып жатат. Имаратты салууга шаардык мэрия 12 сотых тилке бөлүп берген.

«Нур» балдарды калыптандыруу борборунун жетекчиси Минавар Таштемированын айтымында, мекеме 2008-жылы эл аралык уюмдар тарабынан ачылган. Бүгүнкү күнгө чейин 100дөн ашык бала дарыланган. Учурда 27 бала тарбияланууда.

«Аты айтып тургандай бул жер балдарды атайын калыптандыруу максатын көздөйт. Ар бир балага жекече көңүл буруп, тарбиялоо керек. Бирок ага бизде шарт жок, бөлмөлөр жетишпейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×