Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусу, Исфана 12.03.2019 08:26 На русском

Айжан Рахманалиева Лейлектеги эң сулуу кыз деп табылды. Сүрөт

Turmush -  7-мартта Лейлек районунун Исфана шаарында алгачкы жолу сулуулар сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, мэрия тарабынан уюштурулган сынакка жалпы 8 талапкер катышты. Сулуулардын мыктысын тандоо милдети калыстар тобуна жүктөлүп, алар кыздардын бир гана сулуулугуна эмес, билимине, талантына, сахнада өзүн алып жүрүүсүнө, актердук чеберчилигине, тамак-аштарды мыкты даярдоосуна баа беришти.

Жыйынтык:

- 1-орун — №3 гимназия-мектебинин 11-классынын окуучусу Айжан Рахманалиева ээлеп, «Исфана сулуусу 2019» наамын алды;

- 2-орун — Т.Жапаров атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Элнура Абдрасулова;

- 3-орун — А.Навои атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айзат Мусабекова.

Алдыңкы 3-орунду алган кыздарга акчалай сыйлыктар, ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (858)
«РСК Банк»
28.5% (543)
«Айыл Банк»
8.92% (170)
...
Всего голосов: 1905
×