Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусу, Баткен 11.03.2019 16:05

Баткенде камкордукка муктаж 23 бала өкүл ата, өкүл энелүү болду

Turmush -  Бүгүн, 10-мартта Баткен шаарында ата-энесинен ажыраган 23 бала өкүл ата, өкүл энелүү болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, балдарды камкордукка алуу демилгесин коомдук фонддордун бири көтөрүп чыккан. Аталган балдар туугандарынын үйлөрүндө жашашат. Аларга өкүл ата-эне болгондор аларды материалдык, моралдык жактан колдоого алып, тарбия берүүгө жардам берип, керектүү нерселерин камсыздап турушат.

23 баланын ичинен бир кызды камкордукка алган Баткен шаарынын тургуну Токсейит Дыйканов бул кадамга жубайы экөө кеңешип баргандыгын айтты.

«Менде жалгыз кызым бар. Келинчегим экөөбүз макулдашып, дагы бир кыздуу болдук. Биз бул кызыбыздын бардык муктаждыктарын чечип, өз кызыбыздай тарбиялап, келечекте татыктуу инсан кылып чоңойтууга сөз беребиз», - деди ал.

Үрүстөмбек Байматовдордун үй-бүлөсү да бүгүн өкүл уулдуу болушту. Баткен облусунда жалпысынан ата-энеси жок 145 бала бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.6% (892)
«РСК Банк»
27.81% (544)
«Айыл Банк»
9.3% (182)
...
Всего голосов: 1956
×