Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Баткен облусу, Исфана 11.03.2019 12:47 На русском

Сүрөт: «Мерседес» экиге бөлүнүп, талкаланып кетти: Лейлектеги кырсыктан 2 жигит каза болуп, экөө ооруканага жеткирилди

Turmush -  6-мартта Лейлек районунун Исфана шаарындагы унаа кырсыктан 2 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Лейлек аймактык ооруканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык саат 15:00 чамасында катталган. Лейлек районунун Кара-Булак айылынан Исфана шаарын көздөй катуу ылдамдыкта бара жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги даракты сүзгөн. Унаа ошол жерден экиге бөлүнүп, талкаланып калган. Анын кесепетинен окуя болгон жерде 22 жаштагы 2 жигит каза болду. Ал эми кырсыктан жаракат алган 1996-жылы туулган С.И. менен 1992-жылы туулган Т.М. Лейлек аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген. Жабырлануучулар учурда дарыланып жатышат, абалы жакшы.

Айрым маалыматтарга караганда, унаа азыр ооруканада дарыланып жаткан 1992-жылы туулган Т.М.га таандык болгон. Ал эми кырсык болгон учурда каза болгон балдардын бири унааны мас абалда башкарганы айтылууда. Унаа кырсыктан аман калган 1996-жылы туулган С.И.дан башкасынын баары мас абалда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×