Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 06.03.2019 14:40

Жолдошум берген жоолук эң баалуу: Кызыл-Кыядагы Канифа апа 1 кылымдан бери 8-март майрамын тосуп келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кызыл-Кыя шарындагы Арзыбаева Канифа апа 1 кылымдан бери 8-март — Аялдардын эл аралык майрамын майрамдап келе жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, татар улутунун кызы. Быйыл 101 жашта. 4 уул, 5 кыздын апасы. Учурда балдарынын бардыгы өзүнчө үйлүү-жайлуу. Уул-кыздарынан 20 небереси, 15 чөбөрө, 5 кыбырасы бар. Жолдошу Арысбаев Абдикамал ата 1991-жылы 76 жашында боор оорусунан көз жумган.Эң улуу баласы ушу жылдын октябрь айында 70 жашка чыгат. Ал азыр Россиянын Рязань шаарында жашайт. Ал эми тогузунчу кызы 55 жашта.

«Мен быйыл өмүрүмдө 101-жолу 8-март майрамын тосуп жатам. Майрам сайын балдарым, күйөө балдарым гүл жана башка белектерди берип турат. Өмүрүмдө биринчи жолу жолдошумдан чоң жоолук белеке алгам. Ошол белек мен үчүн баалуу болуп калды», - деди ал.

Ардагер азыр 49 жаштагы небереси Тиллахан Каратаеванын колунда. Тиллахан айым таенесин карап келе жатканына 15 жыл болгондугун айтты.

«Мен таянемди 15 жылдан бери карап келем. Жакшы баса албай калганыга 3 жыл болду. Тамакты өз убагында жеп турат. 101 жашта болсо дагы акыл-эси жана эсте сактоосу жакшы. Азыр мусулманча бардык сүрөөлөрдү да билет. Өз убагында таенемдин атасы чоң молдо болгон», - деди ал.

Канифа апа ай сайын 5670 сом пенсия алат. Ай сайын пенсиясынан 670 сомун садакага (кайрымдуулукка) берип турат. Союз мезгилинде шахтер болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×