Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусуЛейлек району 07.03.2019 08:15

Лейлектин Ак-Арык айылындагы каналды жыл сайын сел алып, көйгөй жаратууда (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Ак-Арык айылынын тургундары селдин суусу аккан каналга тосмо курууну талап кылышууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, сел аккан канал эгин талааларына суу баруучу каналга жакын жайгашкан. Жыл сайын сел келгенде канал кум шагылга толуп калат.

«Бул жердеги эл көпчүлүк учурда эгин өстүрүп, айыл чарбасы менен алектенишет. Бирок сугат суусу жетишсиз. Ал аз келгенсип каналыбызды жылда сел суулары кум-шагылга толтурат. Өткөн жылы июнь айында келген сел каналдын 100 метр жерин кум шагылга толтуруп, эл тазалай албай 2 ай турган. Эгиндер кургап, суу жетпей калган. Бул көйгөй жыл сайын болуп жатат. Жергиликтүү бийликке кайрылдык. Ушул сел каналдын 2 четине тосмо куруп, бетондоп салса, сел суулары ашпай, өз нугунда кетет. Бул жолу да жазда сел жүрсө каналыбыз дагы толуп, эгин суусуз калат», - деди Ак-Арык айылынын тургуну Токбай Назаркулов.

Жергиликтүү бийлик бул маселени ӨКМге кабарлап, 90 метр аралыгын тосуу үчүн керектүү каражаттар берилмей болду.

«Биздеги каналдарды эл өзү тазалайт. Техникаларын алып чыгып, жыл сайын тазалашат. Ал жердеги селдин кесепеттерин билебиз. Быйыл бул тууралуу ӨКМге кайрылдык. Алар 90 метр жерге керектүү каражаттарды бөлүп бермей болушкан», - деди Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберди Тажиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (858)
«РСК Банк»
28.5% (543)
«Айыл Банк»
8.92% (170)
...
Всего голосов: 1905
×