Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 06.03.2019 11:09 На русском

Кызыл-Кыяда минералдык жер семирткичтерди даярдаган жашыруун цех аныкталды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында минералдык жер семирткичтерди даярдаган жашыруун цех аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча райондор аралык бөлүмү республиканын жарандарынын ден соолугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында калк арасында маалымат берүү иштерин жүргүзүп жаткан. Анын жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарындагы кампалардын биринде белгисиз адамдар колдо жасоо ыкмасы менен минералдык жер семирткичтерди жасап жаткандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн. Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында бул цехке минералдык жер семирткичтерди өндүрүүгө, иштеп чыгууга жана ороого эч кандай уруксат берүүчү документтер берилген эместиги аныкталган. Буга байланыштуу соттун токтомунун негизинде аталган цехке тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү жабдык, тийиштүү каптар табылган. Аталган жабдууну жумушчулар активдүү пайдаланып жүрүшкөн. Даярдалып жаткан заттар тийиштүү лабораториялык текшерүүдөн өткөн эмес. Ал айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана адамдын ден соолугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×