Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 05.03.2019 19:01

Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылында ФАП ачылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 5-мартта Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак айылында фельдшердик -акушердик пункт ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ФАП заманбап типте курулуп, бардык шарттары каралган. Бул имараттын жалпы сметалык баасы 1 млн 22 миң сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү. Иш-чарага жергиликтүү тургундар, мэриянын өкүлдөрү, дарыгерлер катышты.

Ак-Булак айылында 6783 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×