Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусу, Баткен 05.03.2019 12:44

Баткен облусунда Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 5-мартта Баткен шаарында Ак калпак күнү белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Майрамдык салтанатка облус жетекчилери, жаштар, студенттер катышты. Облус башчысы Абиш Халмурзаев Ак калпак күнү Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылы бекитилгенин белгиледи.

Ак калпак күнү Лейлек районунда да салтанаттуу белгиленди. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуучулар болуп жалпы 300гө жакын адам катышты. Бул салтанат улуттук ыр-бийлер менен коштолду.

Кадамжай районунда да Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Иш-чарага жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүүлөр жана жаштар катышты. Алгач жаштар Кадамжай шаарын айланып жөө жүрүшкө чыгышты. Андан кийин шаардагы «Жаштык» кинотеатрынын алдында салтанаттуу иш-чара уланып, ак калпакты даңазалаган ураан менен концерт тартууланды. Андан сырткары улуттук ыр-бийлер аткарылды.

Кызыл-Кыя шаарында да Ак калпак күнү белгиленип, салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жамааттары, жаштар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук кийимдеринин түрлөрү, калпактын түрлөрү көрсөтүлүп, алардын мааниси жөнүндө маалыматтар айтылды. Саамалык концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.6% (892)
«РСК Банк»
27.81% (544)
«Айыл Банк»
9.3% (182)
...
Всего голосов: 1956
×