Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 04.03.2019 19:01

Кызыл-Кыяда 120 орундуу бала бакча оңдолуп, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 120 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түздөөдөн өтүп, бүгүн, 4-мартта пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, мекемени оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 5 млн сом, дем берүүчү гранттын эсебинен 2,3 млн сом акча бөлүнгөн. Бала бакча эмеректер жана башка керектүү жабдуулар менен камсыздандырылган.

Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарында 14 муниципалдык бала бакча иштеп, аларда тарбияланган балдардын саны 2600гө жетти. Бул жалпы балдардын 70% түзөт.

Бала бакчанын ачылышына тургундар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×