Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Баткен облусу, Баткен 03.03.2019 13:37

Сүрөт: Баткенде Мамлекеттик туу күнү белгиленип, жаштар жөө жүрүшкө чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 3-мартта Баткен облусунун аймактарында мамлекеттик туунун 27 жылдыгы белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Баткен шаарындагы салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров, Баткен шаарынын жана Баткен районунун жетекчилиги, мекеме-ишканалардын башчылары, кызматкерлери жана жашоочулар катышты.

Мунарбек Насиров өз сөзүндө облус калкын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, туунун кабыл алуу тарыхына токтолуп: «Туубуз биздин эгемендигибиздин белгиси. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон үчүн өзүнүн желеги, герби, гимни бар бактылуу өлкө. Ар бирибиздин мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйыбыз чексиз. Анткени гимн жаңырганда, желегибиз желбирегенде ар бир жүрөгү кыргыз деп соккон атуулда патриоттук ыйык, жылуу сезимдер пайда болот. Желегибиз чет жактагы жеңиштерде желбирегенде баарыбызды бир муштумга бириктирген улуу күчкө ээ. Мындай иш-чаралар жаштардын патриоттук сезимдерин күчөтүү менен мамлекеттик символдорубузга болгон сый-урматтан кабар берет деди», - деди.

Ушундай эле иш-чара Лейлек районунда да уюштурулуп, ага жалпы 200дөй адам күбө болду.Райондун акими иш-чараны ачып, гимн, туу боюнча баяндама жасады.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарында 500дөн ашык жаштар тууну даңазалап, жөө жүрүшкө чыгышканын шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чара Кызыл-Кыя шаарынын борбордук аянтында уланып, шаардын жетекчилигинин, шаардык кеңештин депутаттарынын, мэриянын аппаратынын, мекеме-ишканалардын жамааттарынын, студенттердин жана шаар тургундарынын катышуусунда мамлекеттик туу көтөрүлдү. Шаардын аймагындагы бардык административдик мекеме-ишканаларда саат 09:00дө желектер алмаштырылды.

Ошондой эле Сүлүктү шаарында да Мамлекеттик туу күну белгиленип, иш-чара жөө жүрүш менен башталды. Жөө жүрүшкө Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаров баш болгон шаардык мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, студенттер, лидер окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Андан соң шаардын борбордук аянтында мамлекеттик туунун тарыхы, мамлекеттин символикасы катары мааниси жана турмуштагы орду тууралуу баяндама жасалды. Бул иш-чарага жалпы 800дөн ашык жашоочу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (858)
«РСК Банк»
28.5% (543)
«Айыл Банк»
8.92% (170)
...
Всего голосов: 1905
×