Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуКадамжай району 02.03.2019 11:14 На русском

Кадамжайдын Ак-Турпак айылында жардыруучу зат табылды

Жардыруучу зат
Жардыруучу зат
// Turmush

Turmush -  Кечээ, 1-мартта Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Ак-Турпак айылында 30 килограммдык жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жардыруучу затты Миң-Чынар айылынын жашоочусу аталган айылдагы талаадан таап алып, үйүнө алып келген. Анын кошуналары жардыруучу затты көрүп калып, милиция кызматкерлерине билдиришкен. Ал эми милиционерлер жергиликтүү бийликке жана тиешелүү кызматтарга кайрылган.

Учурда тиешелүү кызматкерлер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жардыруучу затты элге зыян келбеген жерде жардырууга даярданып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×