Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуЛейлек району 01.03.2019 16:00

Баткенде балдарына алимент төлөгүсү келбеген адамдын даттануусу каралды. Мурдагы аялына 158 миң сом төлөп берди

Turmush -  Баткен облустук соту Лейлек районунун тургуну Таланттын (аты өзгөртүлдү, Т.Х.А) райондук соттун анын алимент төлөп берүүгө милдеттендирген чечими боюнча апелляциялык арызын карап чыгып, чечим чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Талант 1972-жылы Ош шаарында туулган. Улуту кыргыз, орто билимдүү. Жубайы менен ажырашып кеткен, эч жерде иштебейт. Ал соттун 2009-жылдын март айындагы чечими боюнча 1999-жылы туулган баласы менен 2007-жылы туулган кызы үчүн 18 жашка чыкканга чейин мурдагы аялы Таалайбүгө (аты өзгөртүлдү, Т.Т.А.) алимент төлөшү керек болгон. Талант буга макул болбой, чечимдин үстүнөн даттанган.

Эмнеге айыпталууда?

Лейлек райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (бейбаштык) менен күнөөлүү деп таап, 2018-жылдын 24-августундагы өкүмү менен жазанын өтөй элек бөлүгү жарым-жартылай кошулуп, 5 жылга эркиндигинен ажыраткан. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде, ага берилген 5 жыл шарттуу деп эсептелинип, 2 жыл сынак мөөнөтү аныкталган. Таланттын 158 014 сом алименттик карызы жабырлануучу Таалайбүгө өндүрүлгөн. Соттун чечими менен Таланттан жашы жете элек балдары 18 жашка толгонго чейин алимент өндүрүү буйругу чыгарылган. Бирок Талантка жашы жете элек балдарын багуу милдеттендирилгендигине карабастан 2013-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин кыянаттык менен алимент төлөөдөн баш тартып келген. Сот жогорудагыдай чечим кабыл алгандан кийин айыпталуучу ага макул болбой, апелляциялык тартипте арыз жазган.

Талант өзү эмне дейт?

Айыпталуучу Таланттын айтымында, анын башы ооруп, эс тутуму начарлап, ачуусу тез келип калгандыктан дарыгерлерге көп жолу кайрылган. 2002-жылдан бери ага дарыгерлер шизофрения деген диагноз коюшкандыгын, аны эч ким жумушка албагындыгын, үйүндө 86 жаштагы оорукчан апасы менен жашап, экөө тең дарыланууга муктаж экендигин айткан. Ошондой эле 2018-жылдын 18-декабрындагы Лейлек райондук сотунун өкүмүн кайрадан карап чыгууну, Ош облустук психикалык диспансеринин көрсөтмөсүнө ылайык, анын үстүнөн чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну суранган.

Эскпертизанын тыянагы кандай?

2012-жылдын 9-январдагы соттук психиатрялык экспертизанын корутундусунда Талант акыл-эси соо, мажбурлап дарылоого муктаж эмес деп көрсөтүлгөн.

Соттун өкүмү:

Баткен облустук соту Лейлек райондук сотунун 2018-жылдын 18-декабрындагы айыпталуучу жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×