Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуБаткен району 28.02.2019 11:36 На русском

Психиатриялык ооруканага батпаган өспүрүм Баткендеги абакта камалып турат

Turmush -  Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Баткендеги өкүлдөрү жана райондук прокуратуранын кызматкерлери 26-февралда Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барышты. АКИpress агенттигине борбордун директору Нурдин Сулайманов билдиргендей, анын жүрүшүндө эреже бузуулар аныкталган.

Баткен райондук сотунун 2019-жылдын 1-февралындагы чечими менен соттолгон Ж.Б. аттуу өспүрүм Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканада кармалышы керек болчу. Бирок азыркыга чейин ал психиатриялык ооруканада эмес, убактылуу абакта кармалып турат. Бул абалды убактылуу кармоочу жайдын башчысы психиатриялык ооруканада бош орун жок болгондугуна байланыштуу деп түшүндүргөн.

«Мындан тышкары убактылуу кармоочу жайда кармалгандар тамак-аштын сапатынын төмөндүгүн айтып арызданышты: шорподо чийки бышкан картошка, күйүп калган пияз, ошондой эле жакшы бышпай, көгөргөн нандар», - деди ал.

Бул маселе боюнча акт түзүлүп, райондук прокуратурага жөнөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×