Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуЛейлек району 27.02.2019 13:55

Лейлектин Арка өрөөнүн суу менен камсыз кылган насостук станциянын көмөкчү чордондору оңдолуп жатат

Turmush -  Лейлек районунун Арка өрөөнүн суу менен камсыз кылган насостук станциянын көмөкчү чордондорун оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын Баткен тайпасынын устасы Кенешбек Таиров билдирди.

Анын айтымында, суу бетинде калкып туруучу насостук станция 3 бөлүктөн турат. Алардын ар бирин электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн көмөкчү чордондор жайгашкан. Мына ушул көмөкчү чордондордо жазгы сугат мезгили башталганча кезектеги оңдоп-түздөө жумуштары жүрүүдө.
Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, Арка өрөөнүн суу менен камсыз кылуучу насостук станцияга электр энергиясы Тажикстандан алынгандыктан Кыргызстан электр энергия үчүн ири суммада акы төлөйт. Ошондой болсо да электр энергия сугат мезгилинде үзгүлтүккө учурайт.

Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын директору Марат Райымалиев Арка өрөөнүндөгү насостук станцияларды жана жергиликтүү элди көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жакында Баткен районунан Арка өрөөнүнө жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары тартылып, көмөкчү чордон курула тургандыгын билдирди.

Тажикстан менен чектеш турган Лейлек районунда 30 миң гектардан ашуун эгин аянты бар. Алардын көбү насостук станциялар аркылуу сугарылат. Андыктан аймак көз карандысыз электр энергия менен камсыз болсо, кошуна өлкөдөн электр энергияны сатып алуу муктаждыгы жоюлат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×