Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.02.2019 17:37

Кызыл-Кыяда кичинекей бала ойноп жатып, чоң атасынын мал сарайын өрттөп жиберди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 26-февралда Кызыл-Кыя шаарындагы мал сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык жөнүндөгү маалымат куткаруучуларга саат 14:46да түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр ал жерге барып, саат 15:45те өрттү толук өчүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен короонун 20 чарчы метр чатыры, 40 таңгак чөп, 12 даана шифер, 100 метр тактай өрттөнүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Үй ээси И.И. небереси ширеңке менен ойноп жатып, өрт чыгарып жибергендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×