Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баткен облусу, Исфана 26.02.2019 16:09

Исфана шаарынын 2019-жылга карата бюджети бекитилди

Turmush -  Бүгүн, 26-февралда Исфана шаардык кеңешинин кезектеги 22-сессиясы өтүп, шаардын бюджети бекитилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жыйынга Исфана шаарынын вице-мэри Зафаржан Камалов, шаардык кеңештин депутаттары жана мэриянын аппаратынын кызматкерлери катышты. Анын жүрүшүндө Исфана шаарынын 2019-жылдагы бюджети 64 млн 286 миң 700 сом болуп бекитилди. Мындан сырткары шаардын бюджети боюнча элдик угуу да өттү.

Буга чейин 21-сессияда шаар мэри Абдивали Хамраевдин 2018-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×